Коррупция жөнүндө кабарлоо!!!
Коррупция жөнүндө кабарлоо !!!
Эгерде Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери тарабынан коррупциялык белгилер табылса, суранабыз : - Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн коомдук кабылдамасына тел номер: 0774618077 телефону аркылуу кабарлоону: Жаңы-Жер айыл өкмөтүнун кеңсесинде: Борбордук айылы М. Авляев көчөсү №30 дареги боюнча кайрылууларды арыздарды жана сунуштарды калтырууну же janyjer01@mail.ru электрондук дарегине билдирүүну калтырууну суранабыз.
2026-жылдын 13- февралында Жаңы-Жер айыл өкмөтүнун жыйындар залында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча 2026-2027-жылдарга иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө жыйын өткөрулдү. Жыйынга Жаңы-Жер айыл өкмөтүнун башчысы М. Абдухамитов, аппарат кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты. Жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” №137 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” №193-б буйругу менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына (2025-2027-жылдардын орто мөөнөтүү мезгилинде 1-этап үчүн) толуктоо катары айыл аймагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу үчүн 2026-2027-жылдарга иш-чаралардын планы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы “2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын корррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын бекитүү жөнундө” №29 токтому аткаруу үчүн талкууланып тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.