ички кадрлар резервине жарыя

16.07.2025,  10:00

Кароолор (44)


Акыркы күн  
Квалификациялык талаптар  

Жарыя

Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтү, ички кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына конкурс жарыялайт.

Административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн; Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Жогорку билим – айыл чарба, финансылык-экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык курулуш, энергетика тармактарында.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:
  • Билгичтиги; маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
  • Көндүмдөрү; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын , зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
  1. Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Жогорку билим – айыл чарба, финансылык-экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык курулуш, энергетика тармактарында.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:
  • Билгичтиги; маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
  • Көндүмдөрү; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын , зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
  1. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Жогорку билим – айыл чарба, финансылык-экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык курулуш, энергетика тармактарында.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Иш стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:
  • Билгичтиги; жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө.
  • Көндүмдөрү; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын , зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

  1. Арыз 
  2. Резюме 
  3. Кадрлар боюнча өздүк баракчасы
  4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан бекитүү керек)
  5. Дипломдун көчүрмөсү (нотариустан бекитүү керек)
  6. Квалификациясыны жогорулаткандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөсү.
  7. Өмүр баян
  8. Сүрөт 1 даана 4*6
  9. Паспорттун көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун өзү көрсөтүлөт)
  10. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынан соттолбогондугу тууралуу справка.
  11. Аскердик билетинин көчүрмөсү.

Талап кылынган документтерди маалымат булактарына жарыя чыккан күндөн тартып 10 күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот.

Баткен облусу, Лейлек району, Жаңы-Жер айыл өкмөтү, Арка айылы, Т.Абдирасулов көчөсү, 

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн кеңсеси. Байланыш телефону: 0774618077

Эскертүү!  Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер конкурска чакырылат.